Кыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унааларды өлкөгө киргизүү, убактылуу каттоо жана пайдалануу тартиби жаңыланды


Кыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унааларды өлкөгө киргизүү, убактылуу каттоо жана пайдалануу тартиби жаңыланды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

 

Жаңы эрежеге ылайык, чет өлкөдө катталган унаалар Кыргызстанда алты айдан ашпаган мөөнөткө убактылуу катталат.

 

Унаа өлкөдөн 30 күнгө жетпеген убакытка чыгып кетсе, каттоо мөөнөтү кайра башталбайт. Жаңы алты айлык мөөнөт унаа чет өлкөдө кеминде 30 күн үзгүлтүксүз болгондон кийин гана эсептелет. Каттоо мамлекеттик органдардын электрондук маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт. Бул үчүн унааны чет өлкөдөгү каттоодон чыгаруу, документтерин тапшыруу же кыргызстандык номурларга алмаштыруу талап кылынбайт.