Кыргызстанда дагы беш «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылат

Жыл аягына чейин Кыргызстанда дагы беш “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча мындай 95 аптека иштеп жатат. Белгиленгендей, анда препараттардын баасы жеке дарыканаларга караганда 10-20 пайызга арзан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.