Кыргызстанда дары-дармектерди каттоонун жаңы эрежелери киргизилүүдө

Эгер мурда каттоо жарым жылдан үч жылга чейин созулса, эми болгону 5-10 күндө жүргүзүлөт.

 

Буга чейин компаниялар документтерди текшерүү, заводдорду кароо жана лабораториялык сыноолордун узактыгынан улам көпкө күтүүгө мажбур болушчу. Натыйжада бейтаптар керектүү дарыларды жылдап күтүүгө туура келген.

 

Жаңы тартипке ылайык, дүйнөлүк алдыңкы уюмдар тарабынан жактырылган же жогорку сапат стандарттары бар өлкөлөрдө чыгарылган препараттар дароо катталат. Ошондой эле БУУнун программалары аркылуу келип жаткан дары-дармектер үчүн дагы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип каралган.

 

Бул өзгөрүүлөр жарандардын маанилүү дары-дармектерге тез жетишине жана ашыкча бюрократияны кыскартууга жардам берет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.