Кыргызстанда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.
Тиешелүү токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Документке ылайык, 1-апрелден баштап аталган тармактагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга көбөймөдү.
Ошондой эле кошумча 15 миң сом үстөк жана 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация каралды. Жалпысынан спорт чөйрөсүндө 4 миң 367 кызматкердин айлык акысы көтөрүлөрү күтүлүүдө.


