Кыргызстанда дээрлик 192 миң балага жаңы “Бала ырысы” ай сайынкы жөлөк пулу дайындалды

Кыргызстанда дээрлик 192 миң балага жаңы “Бала ырысы” ай сайынкы жөлөк пулу дайындалды. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, төлөмдөр үч жашка чейинки балдарга берилет.

 

Июль айындагы жөлөк пулдарды каржылоого 235 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.