Кыргызстанда интернет аркылуу жасалган сооданы көзөмөлдөгөн электрондук оператор түзүлөт.
Жаңы оператор интернет аркылуу сатылып алынган товарларды бажылык тариздөө, төлөмдөрдү кабыл алуу жана сапатсыз товарларды кайтаруу иштерин жүргүзөт.
Учурда система сыноо режиминде иштеп жатат. Маалыматка ылайык, чет өлкөдөн алынган товарлар үчүн бажы төлөмүсүз чек 200 еврону түзөт. Андан ашкан суммага 5 пайыз бажы алымы жана кошумча бажы жыйымы алынат.



