Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүнү күчөтүү сунушталды. Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбооруна ылайык, бардык текшерүүлөр эми бирдиктүү электрондук реестр аркылуу гана жүргүзүлөт.
Реестрге киргизилбеген текшерүүлөр мыйзамсыз деп эсептелет. Ошондой эле текшерүүлөрдү боди-камерага жаздыруу милдеттүү болуп, аудио-видео материалдар электрондук базага сакталат. Мыйзамсыз текшерүү аныкталса, ишкерге келтирилген чыгымды мамлекет төлөп берип, кийин аны күнөөлүү кызматкерден өндүрүп алат.



