Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге алгачкы ирет электрондук билерик тагылды

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге алгачкы ирет электрондук билерик тагылды.

 

Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди. Анын айтымында, долбоор пилоттук негизде Октябрь районунда ишке ашып баштады, анын алкагында зомбулук көрсөткөндөргө 20 күндөн үч айга чейин электрондук билерик же мобилдик тиркеме тагылат.

 

Тутум GPS аркылуу байкоону жана Face ID менен үзгүлтүксүз текшерүүнү камтыйт. Ал соттун чечими менен тагылат. Кийинки жумадан тарта долбоор өлкө боюнча жайылтылат, — деди министр.