Кыргызстанда январь-июнь айларында орточо айлык 53 миң 759 сомго жетти.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, июнда эмгек акы былтыркы ушул айга салыштырмалуу 27,5 пайызга өскөн.
Май айында орточо айлык 51 миң 888 сом болгон. Айлык акы эң көп искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарында жогорулаган. Ал эми январь-июль айларында расмий катталган жумушсуздардын саны 37,5 миң адамды түзүп, бир жылда 17 пайызга азайган.



