Кыргызстанда эң жогорку айлык тоо-кен тармагында катталды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, май айында бул тармактагы орточо эмгек акы 101 миң 500 сом болгон.
Экинчи орунда каржы жана камсыздандыруу — 99 миң сом, үчүнчүдө маалымат жана байланыш тармагы — 89 миң сом. Ал эми кызмат көрсөтүү тармагында орточо айлык 32 миң 300 сомду түзгөн.



