Кыргызстанда эң жогорку айлыкты каржы тармагында иштегендер алууда

Кыргызстанда эң жогорку айлыкты каржы тармагында иштегендер алууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде бул тармактагы орточо эмгек акы 92 миң сомдон ашып, каржы сектору айлык акы боюнча тоо-кен тармагын артта калтырды.

 

Андагы орточо айлык 90 миң сомду түзгөн.

 

Ошондой эле бир жыл ичинде эң чоң өсүш айыл чарба тармагында катталып, эмгек акы дээрлик 35 пайызга көбөйгөн. Ал эми кирешеси азайган жалгыз тармак — кызмат көрсөтүү чөйрөсү болду. Анын орточо айлыгы 29 миң 520 сомду түздү.