Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 40 ишкана ачылат

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 40 ишкана ачылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр-жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айжан Жумашева билдирди.

 

Анын айтымында, жалпысынан жыл аягына чейин өлкөдө 113 өнөр жай объекти ишке киргизилип, кайра иштетүү, курулуш материалдары, фармацевтика жана машина куруу тармактарында 11 миң жаңы жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө.