Кыргызстанда экспортко чыгарылуучу продукцияга ветеринардык сертификат эми “Тулпар” маалыматтык системасы аркылуу берилет

Кыргызстанда экспортко чыгарылуучу продукцияга ветеринардык сертификат эми “Тулпар” маалыматтык системасы аркылуу берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

 

Сертификат алуу үчүн ишкерлер электрондук арыз тапшырып, андан кийин продукция ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык текшерилет. Ошондой эле лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы системага киргизилет.

 

Жаңы тартип кызмат көрсөтүүнү санариптештирип, сертификат берүү процессин жеңилдетет.