“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан белгилүү болгондой, бүгүн өлкөнүн энергосистемасындагы суткалык электр жарыгын керектөө 47 миллион 112 миң кВт/саатка чыкты.
Компаниянын маалыматына караганда бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Өткөн жылдын 29-июнунда керектөө 40 миллион кВт/сааттын тегерегинде болгон.
Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатат. Энергетиктер калкты жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырып, колдонулбай турган тиричилик шаймандарын убагында өчүрүп турууга үндөйт.



