Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи кымбаттайт. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү тууралуу токтомго кол койду.
Өкмөт бул чечим электр энергиясы тартыш учурда керектөөчүлөргө электр жарыгын үзгүлтүксүз жеткирүү максатында кабыл алынганын билдирди.
Ага ылайык, 1-майдан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгат. Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин учурда 2 сом 39 тыйындан эсептелсе, эми 2 сом 60 тыйынга жогорулайт.



