Кыргызстанда эми үйлөрдүн чатырларына күн панелдерин жеңилдетилген шартта орнотууга мүмкүн

Кыргызстанда эми үйлөрдүн чатырларына күн панелдерин жеңилдетилген шартта орнотууга мүмкүн.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.

 

Анын айтымында, күн панелдери үйдүн муктаждыгы үчүн электр энергиясын өндүрүп, борбордук тармактан керектөөнү азайтат. Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекетке жогорулатылган тариф менен сатууга болот. Жеңилдетилген каржылоо программасы 12-майда кабыл алынган. Ага жеке сектор дагы тартылат, — деди Акунбеков.