Кыргызстанда эми мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу акча которууда комиссия алынбайт

Кыргызстанда эми мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу акча которууда комиссия алынбайт.

 

Улуттук банктын маалыматына ылайык, коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары өлкө ичинде сом менен жүргүзулгөн эсептерге тиркеме же банкинг аркылуу которгон жарандарга көрсөткөн кызматы үчүн алардан акча кармап калбашы керек.

 

Мындай чара убактылуу, 2025-жылдын  31-декабрына чейин иштейт. Максаты — накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.