Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, учурда демилге талданып жатат.
Эгер сынамык долбоор ийгиликтүү деп табылса, андан ары да улантылат, — деди министр. Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган.


