Кыргызстанда энергетика тармагын модернизациялоо долбоорунун алкагында 90 комплект өлчөөчү трансформаторлорду жеткирүү аяктады

Кыргызстанда энергетика тармагын модернизациялоо долбоорунун алкагында 90 комплект өлчөөчү трансформаторлорду жеткирүү аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

 

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында алынган жабдуулар электр энергиясын так эсепке алууга жана бөлүштүрүүчү тармактардагы релейлик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жабдууларды жеткирүү боюнча келишимдин жалпы суммасы 41 млн 640 миң сомду түздү.