Кыргызстанда энергетикалык суусундуктардын балдарга сатылышы иликтенет

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктардын балдарга сатылышын депутаттык комиссия иликтейт.

 

Жогорку Кеңеште энергетикалык суусундуктардын сатылышын жана алардын жашы жете элек балдарга жеткиликтүүлүгүн комплекстүү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

 

Энергетикалык суусундуктарга чектөө киргизүү боюнча маселе коомчулукта, парламентте буга чейин бир канча жолу көтөрүлгөн.