Кыргызстанда эртең жалпы республикалык тестирлөө башталат

Кыргызстанда эртең жалпы республикалык тестирлөө башталат. Билим берүү министрлигинен Novosti.kgге билдиришкендей, бүгүн тестирлөөгө даярдык иштери аткарылат.

 

Бүтүрүүчүлөрдүн мектептен алган билимин сыноо 3 этап менен өтөт. Биринчиси 24-25-майда, экинчи этап 27-28-майда, ал эми үчүнчүсү 24-25-июнда өтөт. Акыркы этапка негизги тестирлөөгө жүйөөлүү себептер менен катыша албай калгандар катталат. ЖРТга жалпысынан 47 миң абитуриенттин катышуусу күтүлүүдө.