Кыргызстанда этти ортомчусуз түз сатуу үчүн 100 соода түйүнүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чара азык-түлүк рыногунда бааларды турукташтыруу боюнча даярдалган 2026-2027-жылдарга карата план долбоорунда каралган.
Долбоордун алкагында Бишкекте 30, Ош облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 14, Чүй облусунда 12 түйүн ачуу каралган. Ошондой эле соода түйүндөрү үчүн жер тилкелерин акысыз берүү жана электр энергиясына кеткен чыгымдарды субсидиялоо маселеси каралууда.



