Кыргызстанда юридикалык жардам көрсөтө турган jardam.kg сайты ишке кирди. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков билдирди.
Анын айтымында, ар бир жаран jardam.kg сайтына кирип, укуктук кеп-кеңеш ала алат. Суроолордун категориясына жараша жасалма интеллект тиешелүү маалыматтарды чыгарып берет. Эгер жарандар сайт аркылуу тиешелүү суроолоруна жооп таба албай калса, 114 кыска номерине чалып жооп ала алат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



