Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттады

Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттады. Бүгүнкү күндө АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 80 сом, АИ-95 86 сом, ал эми дизель 93 сом 80 тыйындан сатылууда.

 

Муну менен күйүүчү майлоочу материалдын баасы 1 сомго кымбаттады. Буга чейин Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынмакчы болуп, ишкерлер субсидиялана баштаган. Тагыраагы, сатып алынган баа менен сатылган нарктын айырмасын министрлер кабинети төлөп берет.