Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө, бирок тартыштык жок

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө, бирок тартыштык жок. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу.

 

Жыл башында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин дүң баасы 650 доллар болсо, бүгүнкү күндө 730 долларга чейин көтөрүлдү. Бул дүңүнөн кое берилген баа 12 пайызга кымбаттаганын билдирет, — деди Эшатов.