Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы жетиштүү

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

 

Маалыматта Россия майды экспорттоого киргизген чектөөнүн мөөнөтүн узартканы Кыргызстанга тиешелүү эмес экени белгиленген. Өлкөдө күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,5 млн тоннадан ашат. Анын 93 пайызы Россиядан импорттолот.

 

«2025-жылга карата сүйлөшүлгөн көлөм толук аткарылып бүтө элек. Алдыдагы айларда мунай продуктуларынын жеткирүүсү улантылат», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Белгилеп кетсек, жай айларынан тарта күйүүчү майдын баасы кымбаттай баштады. Мунун себеби дүйнөлүк мунай баасынын жогорулашы жана Россиянын айрым заводдорундагы оңдоо иштери менен түшүндүрүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.