Кыргызстанда көмүрдү сыртка ташууга салынган тыюу дагы алты айга узартылды

Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 3-декабрда кабыл алды.

 

Документке ылайык, өлкөнүн көмүрүн машине менен жарым жылдык мөөнөткө экспорттоого болбойт. Бирок бул “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттерине тиешелүү эмес.

 

Токтом расмий жарыялангандан үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Эске салсак, кыргыз өкмөтү көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга 2022-жылы убактылуу алты айлык тыюу салган. Мындай чектөө улам-улам жарым жылдык мөөнөткө узартылып келе жатат.

 

Кыргызстанда көмүрдү сыртка ташууга салынган тыюу дагы алты айга узартылды

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.