Кыргызстанда күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөө 19,6 миллиард киловатт-саатка жетет. Бул тууралуу сезонго даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды.
Анын 15,5 миллиарды ата мекендик өндүрүштүн эсебинен камсыздалып, 4 миллиард киловатт-сааттан ашыгы импорттолот. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу аз болгондуктан, электр энергиясын үнөмдөө жана оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүү тапшырылды.



