Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоо пландалууда

Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоо пландалууда.

 

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, быйыл өлкөдө электр энергиясын керектөө 19,6 миллиард киловатт-саатка жетет.

 

Анын басымдуу бөлүгү өлкө ичинде өндүрүлүп, калган көлөмү импорттолот. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан аз болгондуктан, электр энергиясын керектөөгө коюлган лимиттерди сактоо жана сууну үнөмдүү пайдалануу тапшырылды. Жылытуу мезгилине 45,5 миң тонна мазут жана 3 миллион тоннадан ашык көмүр керектелет.