Кыргызстанда камсыздандырылган турак-жайлардын саны 2,5 эсе өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. 1-июнга карата 331 миң 500 үй өрт жана жаратылыш кырсыктарынан камсыздандырылган.
Бул өлкөдөгү жалпы турак-жай фондунун 26,5 пайызын түзөт. Эң көп полис алган үйлөр Жалал-Абад облусуна туура келет, андан кийин Ош, Талас, Нарын облустары турат.



