Кыргызстанда күрүчтүн баасы 4,4%, импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 3,6%, күн карама майы 2,3%, каймак май 1,4%, кой жана уй эти 0,9%га жогорулады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Россия жана Казакстандагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.
Ошол эле учурда сабиз, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну, картошка, пияз жана пастерленген сүт арзандаган.



