Кыргызстанда катализатору жок унааларды алып-сатууга тыюу салуу пландалууда

Кыргызстанда катализатору жок унааларды алып-сатууга тыюу салуу пландалууда.

 

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу билдирди.

 

Мындай чара экологияны жакшыртууга багытталган. Документ жакынкы арада коомдук талкууга коюлат, — деди чиновник. Катализаторлор зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн керек, бирок алардын курамында баалуу металлдар бар болгондуктан чечип алып, сатып жиберген учурлар арбын.