Кыргызстанда кенелер активдешип, жабыркагандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өстү.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, 11-майга карата өлкөдө кене чаккан 566 учур катталды. 2025-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 273 учурду түзгөн.
Жарандарга сак болуу сунушталат.


