Кыргызстанда кийинки жумадан тарта таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот.
Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.
Анын айтымында, мындай функция 20-майда ишке кирет. Жыл башынан бери ведомство жеке ишкерлерге 15 миң, компанияларга 410 лицензия берген. Баштапкы план боюнча лицензиялар 2025-жылдын аягына чейин гана берилмек, бирок айдоочулардын төмөн активдүүлүгүнө байланыштуу мөөнөт эки ирет узартылган. Акыркы мөөнөт 2026-жылдын 1-июлуна чейин белгиленди.



