Кыргызстанда кийинки жылы пенсияны көбөйтүүгө бюджетте 1 миллиард 300 миллион сом каралат

Кыргызстанда кийинки жылы пенсияны көбөйтүүгө бюджетте 1 миллиард 300 миллион сом каралат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламент отурумунда билдирди.

 

Анын айтымында, мыйзам боюнча, жыл сайын инфляциянын өлчөмүн индексациялоо керек. 2025-жылдын бюджетине пенсияны   7 пайызга көбөйтүү киргизилип, 1 миллиард 300 миллион сом даярдалат. Эске салсак, учурда өлкөдө пенсиянын минималдык өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.