Кыргызстанда “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 20 миңден ашык камера орнотулат.
Алар кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө үчүн колдонулат.



