Кыргызстанда кооптуу аймактарда жашаган тургундарды коопсуз жерлерге көчүрүү тартиби коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоор жер көчкү, сел, суу ташкыны, таш кулоо, кар көчкү жана башка табигый же техногендик коркунучтар болгон учурда убактылуу же туруктуу көчүрүүнүн механизмин аныктайт.
Эгер адистер адам өмүрүнө жана ден соолугуна түз коркунуч бар экенин аныктаса, тургундарды шашылыш же этап-этабы менен көчүрүү чечими кабыл алынышы мүмкүн. Көчүрүүгө байланыштуу мүлк алынган учурда компенсация төлөнөт. Анын өлчөмүнө же берилген турак жайга макул болбогон жарандар чечимди административдик же сот тартибинде даттана алышат.



