Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандар көбөйүүдө

Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева “Кабар” агенттигине билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ооруканада жалпы 300 бейтап жатат, алардын ичинен курч ичеги-карын инфекциясы менен 110 бейтап дарыланууда. Алардын басымдуу бөлүгү жаш балдар.

“Биздин жугуштуу оорулар ооруканабызга күн сайын 300гө жакын бейтап кайрылат. Анын ичинен 100дөйү балдар. Орточо оор жана оор абалдагы бейтаптар гана ооруканага жаткырылат. Калгандарына дарыгерлер кеңеш берип, үйдө дарыланууга жиберет. Учурда курч ичеги-карын инфекциясына кабылган 110 адам бизде дарыланып жатат”, — деди ал.

Айнура Узакбаеванын пикиринде, жайында айрыкча ичеги-карын инфекциясын күчөтө турган козгогучтар көбөйөт. Алар жер-жемиштерге, туура эмес сакталган тамак-ашка жана тез бузула турган азык-түлүккө көп илешет.

“Бизге бейтаптар жер-жемиштерди таза жууп жебегендиктен, тамак-ашты туура сактабай, мөөнөтүн карабай колдонгондон, көчөдө сатылган тамак-аштарды жегенден улам ооруп келип жатат”, — дейт башкы дарыгердин орун басары.