Кыргызстанда курулуш тармагында өсүш 42% түздү

Кыргызстанда быйыл курулуш тармагында өсүш 42%, өнөр жайдагы өсүү 10% түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев 19-сентябрда Ишкерлер күнүнө карата уюштурулган иш-чарада билдирди.

 

Анын айтымында, акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП ар бир жылы 9 пайыздан төмөн эмес темпте өсүүдө.

 

2025-жылы экономиканын ар бир айдагы өсүшү 11,5% түздү.

 

Төрөбаевдин айтымында, жыл аягына чейин 134 өнөр жай объекттери ачылат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.