Кыргызстанда кыймылсыз мүлк ээсине өз каалоосу менен мүлк объектине же андагы үлүшкө каттоо аракеттерин жасоого өзүнө-өзү тыюу салууга мүмкүнчүлүк берилиши мүмкүн

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк ээсине өз каалоосу менен мүлк объектине же андагы үлүшкө каттоо аракеттерин жасоого өзүнө-өзү тыюу салууга мүмкүнчүлүк берилиши мүмкүн.

 

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде биринчи окууда колдоо тапты. Документке ылайык, жаран — өз каалоосу менен өзүнүн кыймылсыз мүлкүнө же андагы үлүшкө каттоо аракеттерин жасоого өзүнө-өзү тыюу сала алат. Жаңы механизм менчик ээлеринин укуктарын шылуундардан коргоонун кошумча куралы болору белгиленди.