Кыргызстанда үлүш жери бар кош бойлуу аялдар да жөлөк пул алышат

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул үлүш жери бар, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнө да берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

 

Тиешелүү жобонун нормаларына ылайык, камсыздандыруу төгүмүн төлөп жаткан жеке ишкерлер, иш берүүчүлөр менен эмгек келишиминин негизинде иштегендер, жумушсуз катары расмий каттоодо турган, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу бар аялдар кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие алышса болот.

 

Расмий жумушсуз деп катталган аялдардын жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 12 ай болушу керек.

 

Кош бойлуулук жана төрөт жөлөк пулу төрөткө чейинки 70 күн, андан кийинки 70 күн, жалпы 140 күнгө эсептелип төлөнөт.