Кыргызстанда майыптарды багып келген персоналдык ассистенттердин айлыгы көтөрүлдү

Кыргызстанда майыптарды багып келген персоналдык ассистенттердин айлыгы көтөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев айтып берет.

 

“Бүгүнкү күнгө чейин социалдык ассистент катары 8415 баланы тейлесек, азыр бир аз дагы кошулуп калат да, анткени, 18 жаштан жогорку дагы бир топ майыптар бар. Баккан персоналдык ассистенттин эмгек акысы 4900 сом болсо, азыр 6300 сомго чейин көбөйөт”

 

Белгилеп кетсек, буга чейин 18 жашка чейинки гана майыптарды баккандарга акы берилип келсе, эми бул чектөө алынып, бардык майыптардын ассистенттерине акы берилет.