Кыргызстанда малды экспорттоого киргизилген тыюу дагы алты айга узартылышы мүмкүн

Кыргызстанда малды экспорттоого киргизилген тыюу дагы алты айга узартылышы мүмкүн.

 

Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ири мүйүздүү малды, жылкыны, кой жана эчкини экспорттоого чектөө 8-сентябрга чейин күчүндө.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, тыюуну узартуу малдын санын өлкө ичинде сактап, ички рынокту эт менен камсыз кылууга жана баанын өсүшүн кармап турууга жардам берет. Чектөө спорттук жана асыл тукум жылкыларга жана транзиттик малга тиешелүү эмес.