Кыргызстанда малды пландык жазгы эмдөө башталды.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, мындай чара инфекцияларды алдын алууга жана малды жайыттарга айдоо учурунда өлкөдө эпизоотикалык абалды туруктуу сактоого багытталат. Россиядан жакында эле 1 миллион доза өлчөмүндө шарп ылаңына каршы вакцина жеткирилди.
Препараттар акысыз, болгону ветеринардын кызматы төлөнөт.



