Кыргызстанда мамлекеттик жерлерди аукционсуз 50 жылга чейин пайдаланууга берүү сунушталды

Кыргызстанда мамлекеттик жерлерди аукционсуз 50 жылга чейин пайдаланууга берүү сунушталды.

 

Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, улуттук жана мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлор үчүн жер тилкелери аукционсуз берилет. Мындай мүмкүнчүлүк чет өлкөлүк инвесторлорго да каралган. Министрлер кабинетинен белгилешкендей, сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик жерлерди башкарууну жакшыртып, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жеңилдетүүгө багытталган.