Кыргызстанда мас болуп унаа айдаган айдоочуларга жаза күчөтүлөт

Кыргызстанда мас болуп унаа айдаган айдоочуларга жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун үч окууда жактырып, президенттин кароосуна жөнөттү. Учурда ичип алып унаа айдаган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

 

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, үч жылдан 10 жылга чейин унаа айдай албайт. Ал эми адамдар жаракат алса же каза тапса, айыпкер 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.