Кыргызстанда математика, табият таануу, физика, химия, биология жана англис тили боюнча окуу китептери толугу менен жаңыртылат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы материалдар китеп жана жумушчу дептерден, аудио-видео куралдардан, ошондой эле мугалим үчүн окуу-методикалык пособиеден турат.
Ведомстводон белгилешкендей, буга чейинки китептер оор академиялык тил менен жазылса, эми алар практикалык сабактарга багытталат. Быйыл окуу куралдарын басып чыгарууга 744 миллион сом бөлүндү.



