Бул тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Эми дарыгерлерди жана фармацевттерди даярдаган окуу жайлар милдеттүү түрдө мамлекеттик аккредитациядан өтүшү керек. Ансыз студенттерди кабыл алууга жана мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду берүүгө тыюу салынат.
Жеке менчик медициналык окуу жайлар да мамлекеттик программалар жана стандарттар боюнча иштешет.
Бардык талаптар өкмөт тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден үч айдын ичинде күчүнө кирет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



