Кыргызстанда мектептерде профилдик окутуу жаңы окуу жылынан тарта этап-этабы менен киргизилет

Кыргызстанда мектептерде профилдик окутуу жаңы окуу жылынан тарта этап-этабы менен киргизилет.

 

Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Алгач  8-класстарда профилге чейинки даярдоо башталат, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо программалар сыноодон өтөт. 2027-2028-окуу жылында 9 жана 11-класстарда жаңы багыттар киргизилет.

 

Ал эми 2028-2029-окуу жылында 12-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо профилдер ишке кирет. Система окуучулардын кызыгуусуна жана жөндөмүнө жараша билим же кесип тандоого даярдоого багытталган.