Кыргызстанда мектептердин жана бала бакчалардын айланасында балдарга кооптуу товарларды саткандарга айып салуу сунушталууда.
Жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сомго чейин айып каралган.
Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, кооптуу же талапка жооп бербеген товарлар, анын ичинде сертификаты жана маркалоосу жок продукциялар сатуудан алынып, жок кылынат. Мындай товарлар балдардын уулануусуна, аллергияга жана жаракат алуусуна алып келиши мүмкүн.



